Масктын көздөгөнү эми электрбус

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:08

"SpaceX" жана “Tesla”нын негиздөөчүсү Илон Маск өзүнүн “Твитердеги” баракчасында жер алдында жүрүүчү жогорку ылдамдыктагы электр автобусунун концепти менен бөлүштү. Бул транспорт каражатын азыркы учурда “The Boring Company” ишканасы тарабынан иштелип чыгууда. Лос-Анжелесте казылып жаткан жер алдындагы тунелдик система жакынкы убакта Вашингтондо да казылат. Бул жол каражаты жөө жүргүнчүлөргө жана велосипед айдоочуларга арналат.

«Система автоунааларды ташый алат, бирок коомдук транспорт каражатын толук канааттандыргандан кийин гана. Бул адилеттик маселеси. Эң алды менен, автоунаага кол жеткире албагандар тууралуу ойлонуу керек », - деп жазган ал өз баракчасында.

Маск ошону менен бирге концептин кээ бир техникалык бөлчөктөрү менен бөлүштү. Мисалы, жер алдында электр автобусу саатына 240 чакырым ылдамдыкка чейин жүрөрү айтылууда. Бул учурда трафик системасы көп деңгээлде болот жана ушул деңгээлдер арасында жүрүү үчүн лифт колдонулат.

«The Boring Company» компаниясынын башчысы жобону ишке ашыруу үчүн болжол менен бир унаа токтотучу көлөмү бар миңдген чакан станцияларды курат. Бул чоң станцияларды салууну талап кылган метролордон айырмаланып турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!