“Google” өзүнүн учуучу таксисин көрсөттү

14-Март 2018, Шаршемби, 12:36

«Cora» жүргүнчү ташуучу дрон учагынын электр кубаты 100 километрди түзөт. Анын үстүндө Ларри Пейджтин компаниясы иш алып барат.

“Kitty Hawk” компаниясы “Google”дын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж тарабынан түзүлгөн. Ал жүргүнчү ташуучу дрон “Cora”ны сунуштоодо. “YouTube-канал»да “Kitty Hawk” учкан таксинин видеосу жарыяланган.

Аппарат толугу менен электрленген жана кошумча 100 километр кубатка ээ.

Дрон бир нече убакыттан бери жасалууда. Жакынкы келечекте Жаңы Зеландияда дронду сыноодон өткөрүү иштери башталат. Ал эми үч жылдан кийин дрондор учурулат.

Мүнөздөмөлөрү боюнча, бул транспорт каражаты 3,6 метрлик канатка ээ. Дрон тигинен учат жана конот. Барамалар жумушун толук аткара албай калган учурда, жүргүнчүлөргө парашют берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!