Жогорку ылдамдыктагы поезд сунушталды

23-Март 2018, Жума, 14:06

2020-жылы Токиодо жайкы Олимпиада оюндары өткөрүлөрү пландалууда. Ал эми бул шаарда интенсивдүү даярдыктар башталды. Япония жаңы жогорку ылдамдыктагы транспорт системасын тааныштырды.

“Central Japan Railway” компаниясы “Shinkansen N700S” же “Shinkansen” супрэме деп аталган жогорку ылдамдыктагы поездин сунуштады. Токио-Син-Осака багытында 2020-жылы ишке кошула турган поезд добушу жок жана “акылдуу система менен” жабдыкталган.

Ошентсе да, сыноону 2018-жылдын март айында баштаганы турат. «Shinkansen N700S” сериясы негизги объектер менен курулгулардын толук кандуу жаңыртылып жасалганын билдирет.

“Поезд технологиясындагы жаңы доордун башталышы”, - деди Асахи Симбун, “Shinkansen JR” Токай Масаюки Уэно баш директорунун орун басары.

Поезд учтугуй «мурундуу» 2013-жылкы “N700A” сериясынан өзгөчөлөнөт. Бул модель туннелге кирерде абаны эркин жарып, добуш чыгарбай жүрө берет. Мурдагы поездерден 11 тоннага жеңил. Себеби, кремний карбидинен жасалган. Тактап айтканда, энергияны да аз чыгымдайт. Ал эми эң жогорку ылдамдыгы – саатына 300 чакырым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!