Дагы бир вице-премьер кызматы сунушталууда

30-Март 2017, Бейшемби

Жогорку кеңеште өкмөт түзүмүнө айыл чарба багыты боюнча вице-премьер-министр кызматын кароо сунушталып жатат. Мындай сунуш депутат Алмасбек Акматов тарабынан ЖКнын жыйынынын учурунда айтылды.

Анын айтымында, Кыргызстан 70 пайызга агрардык өлкө болгондуктан өкмөт экономиканын бул тармагына көбүрөөк көңүл бурушу керек.

“Өкмөт берген маалыматка караганда айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү 14,5 млрд. сом, ал эми импорттун көлөмү 32 млрд. сомду түзөт. Бул көрүнүш көптү түшүндүрөт. Өкмөттүн структурасында 4 вице-премьер бар. Биринчи вице-премьер айыл чарба тармагын көзөмөлдөйт, ал буга көп күч жумшайт. Бирок ал мындан тышкары көп тармактарды карайт. Менин пикиримде аталган тармакка жетишерлик көңүл буруу үчүн өзүнчө вице-премьер кызматы керек, же айыл чарба министрлигине бул сатусту бериш керек. Мындай тажриба коңшу өлкөлөрдө бар”,-дейт Акматов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!