​7 миң баш мал идентификацияланды

31-01-2017

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 7 миң баш мал идентификацияланды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Жогорку кеңеште фракция жыйынында билдирди

“Малды идентфикациялоо мал ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. ошондуктан биз фермарлерден бирка сатып алуу үчүн акча чогултуп жатабыз. Бир бирка 38-сом турат. Уйларды идентификациялап бүткөндөн кийин жылкыларга өтөбүз. Ал эми койлордун союш үчүн жана асыл тукум багытындагылары гана биркалаштырылат”,-дейт Жумаканов.

Ветеринардык инспекциянын маалыматына карганда, өлкө боюнча жалпы 1,5 млн бодо мал, 6,5 кой-эчки жана 470 миң жылкы тукуму бар.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!