​Дыйкандарга 1,2 млрд. сом насыя берилген

11-Апр. 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылы дыйкандарга жалпы 1 млрд. 241 млн. 31 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар үчүн насыя иретинде жалпы 3 млрд. 395,6 млн. сом каралган.

“Насыя 6 коммерциялык банк аркылуу берилет, анын 2 млрд. 068,1 млн. сому мал чарбачылыгына берилсе, өсүмдүк өстүрүүгө 670,6 млн. сом, ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына 656,9 млн. сом каралган. 2017-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн мамлекеттик субсидияга 700 млн. сом каралса, анын ичинен 378,7 млн. сому “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоору боюнча субсидиянын 2-траншына которулат, ал эми калган 321,2 млн. сому “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун 1-траншын субсидиялоого багытталат”,-дейт Азимов.

Эскерте кетсек, жеңилдетилген насыянын пайыздык коюмдун суммасы жылдык 10 пайыз, ал эми кайра иштетүү тармагына – жылдык 6 пайыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!