​Фермерлерге 5,4 млрд. сом насыя берилди.

​Фермерлерге 5,4 млрд. сом насыя берилди.
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 14:37

"Айыл чарбасын каржылоо — 6" Мамлекеттик программанын алкагында 11 миң 246 айыл чарба өндүрүүчүлөргө жалпы суммасы 5,4 млрд. сомго насыя берилген. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында берилген насыялар жеңилдетилген пайыздык чендер менен берилди. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык үчүн — 10 пайыз, кайра иштетүү үчүн — 6 пайыз , багбанчылык жана асыл тукум мал чарбачылыгына — жылына 8 пайыз менен берилет.

Ошондой эле айыл жерлеринде ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштерин 43 айылда бүтүрүү пландаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!