​Баткенде жаңы сугат жер өздөштүрүлөт

21-Апр. 2017, Жума

Баткен облусунда Бүргөндү массивиндеги 3,8 миң гектар жерге суу жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка карганда, жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кадамжай районундагы Актурпак айылында жайгашкан Бүргөндү массивинде жер өздөштүрүлдү. Аталган долбоор 2013-2017-жылдарга КРнын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулар жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3 миң 850 гектар жерге суу жеткирилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!