​Сугат жер аянты 50 миң гектарга кеңейет

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивинде ирригациялык түйүн ишке кирип 3 миң 850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ирригациялык түйүндүн ачылышына катышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун пикиринде өлкөдөгү суу ресурстарын чоң жоопкерчилик менен аярлап, эффективдүү колдонушубуз керек.

“Өкмөт сугат суу башкаруу системасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу үчүн мындан ары да иштерди улантат. Азыркы тапта өлкөнүн мелиоративдик мүмкүнчүлүгүн 50 миң гектарга кеңейте турган, ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча 10 жылдык программа иштелип жатат. Бүргөндү массивиндеги жер, жер тилкеси жокторго берилет. Аталган чечимдин алкагында жер бөлүштүрүү маселеси менен алектенген тиешелүү мамлекеттик органдардан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлөт”,-дейт Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!