​JICA үрөн иштетүүчү техника берет

27-Апр. 2017, Бейшемби

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык JICA агенттиги Кыргызстанга жабдык берүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга ылайык 2017-жылы JICAнын долбоору боюнча айыл чарба министрлигине үрөндү кайра иштетүүчү жабдыктардын комплектисин алынып берилет. Алар үрөн тазалоочу, магниттик сеператор, бөлүштүрүү тор машинеси, барабан сеператор жана вибиратордук сеператор жабдыктары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!