Кыргызстанда сүт экспорту жолго коюлууда

31-01-2017

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргендеги бирден бир басым жасаган тармагы айыл чарба азыктарын биримдикке кирген өлкөлөрдүн базарларына алып чыгып сатуу болчу. Бирок биримдикке кирген алгачкы жарым жылда андай мүмкүнчүлүк болбой, ишкерлер оор абалда калышкан. Ал эми бүгүнкү күндө аталган биримдикке кирүүнүн оң натыйжасы дээрлик сезилбесе да, айрым тармактарда позитивдүү жылыштар башталды десек болот. Анткени, Кыргызстан ЕАЭБ киргенден кийин сүт азыктарын өндүргөн ишкерлердин иши алдыга жылган.

Атап айтканда, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова: “2015-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 5,9 миң тонна сүт азыктары экспорттолгон болсо, 2016-жылы бул көлөм 22 миң тоннага көбөйгөн”,- деп“Zaman.kg” сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 15 кыргыз ишканасы өзүнүн продукцияларын Россиянын баардык аймактарына эркин экспорттоп жатат. Аталган ишканалардын 12си сүттү кайра иштетүү менен алектенет. Мындан тышкары, 8 сүт ишканасы Казакстандын түштүк облустарына продукцияларын экспорттоодо.

“Өткөн жылы бул ишканаларда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу өскөн. Тактап айтканда, 2016-жылы 22 тонна сүт жана сүт азыктарын экспорттоду, бул 2015-жылга салыштырмалуу 3,8 эсе көп”,-дейт Садырбекова.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов: “Бүгүнкү күндө эт-сүт өнүмдөрү сыртка тоскоолдуксуз өтүүдө. Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенден кийин транзит деген түшүнүк болбошу керек”,- деди.

Ошондой эле Жумаканов ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия келип, буга чейин Кыргызстандын ветеринария тармагына койгон талаптардын баары аткарылгандыгын көрүп кеткендигин, жыйынтыгына бир гана Казакстандын өкүлү Кыргызстанда ящур ылаңы бар деген кине менен тиешелүү документке кол койбогондугун маалымдады. Бирок, Жумаканов Кыргызстанда ящур эң акыркы жолу 2014-жылы катталыгандыгын, андан бери мал ылаңы каттала электигин кошумчалады.

Ал эми жакында эле Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул тармактагы жетишкендиктерди Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүндөгү жакшы жыйынтыктардын бири экенин белгилеген. Ал өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү максатында айыл чарба ишканаларына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууну тапшырган болчу.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунан баштап, ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болгон. Андан кийин чек аралардагы санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөр алынышы керек болчу. Бирок Кыргызстандагы оор эпизоотикалык абалдан улам Казакстан ветеринардык көзөмөлдү жоюу боюнча чечим кабыл албай келет. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү Казакстандан башка ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы тең кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына макул болгонун билдирген.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!