Айыл чарба азыктарынын 15 пайызы гана иштетилет

31-01-2017

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын 15 пайызы гана иштетилет. Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар түзүлгөнү менен мурадагыдай эле 15 пайызы гана кайра иштетилип жатат. Мунун бир себеби өлкөдө логистикалык борборлордун жоктугу болууда”,-дейт Кожошев.

Эскерте кетсек, 2016-жылы өлкөнүн айыл чарба тармагы жалпы 197,1 млрд. сомго барабар продукция өндүргөн.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!