Дыйкандарды май менен камсыздоо аракети көрүлүүдө

01-02-2017

Быйылкы жылга талаа иштерине даярдануу, өткөрүү жана жыйынтыктоо мезгилинде дыйкан-фермерлерди күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, министрлик район жана облустарга күйүүчү-майлоочу майдын керектөөлөрү тууралуу өз убагында маалымат берип турууга милдеттендирилет.

Өз кезегинде Нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл чарба техникаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл майды жеткирип берүүнү камсыздайт. Мындан тышкары, ассоциация анын курамына кирген компаниялар менен айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө күйүүчү, майлоочу майга жеңилдик берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу милдеттендирилет.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!