Агро техникалардын көргөзмөсү өтүп жатат (фото)

17-Май 2017, Шаршемби

Акыркы 5 жылда лизинг менен 2,2 млрд. сомго 200 техника берилген. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Айыл-Агро» айыл чарба көргөзмөсүндө билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдикке кирүү менен Кыргызстан үчүн айыл чарба продукцияларын экспорттоого боло турган 140 млн. калктуу ири рынок ачылды. Бул үчүн өлкө айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарыл. Ушул максатта бешинчи ирет уюштурулуп жаткан агро техникалардын көргөзмөсү дыйкандар үчүн заманбап техникалар менен таанышууга шарт түзөт.

Аталган иш-чарага 10 өлкөдөн 30дан ашык фирмалардын техникалары катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!