Кант кызылчасы лимиттен ашык айдалды

23-Май 2017, Шейшемби

2017-жылы атамекендик дыйкандар кант кызылчасынын аянтын чектен ашырып жиберишкен. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Айыл чарба, кайра иштетүү жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгу жылы айыл чарба министри кант кызылчасынын аянтын 16 миң гектардан ашырбоо чегин койгон. Бирок дыйкандар өз алдынча кызылчанын уругун сатып алып айдоо жерлерине сээп койгон. Албетте бул түшүмдүн күткөндөн жогору болоруна алып келет.

Ал эми өкмөт башчы Мурашевге күзүндө дыйкандардын эмгеги текке кетишине жол бербөө тапшырмасын берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!