​Өздөштүрүлгөн жерлер жумуш орундарын түзөт

13-Июнь 2017, Шейшемби

Өкмөттүн мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасы ишке ашса жаңы жумушчу орундар пайда болот. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Суу чарба департаменинин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиев бидириди.

Анын айтымында, аталган программа ишке ашса 65,5 миң гектар айдоо жер пайда болуп, анын аркасынан 242,7 жаран жумуш менен камсыз болот. Ошондой эле жер ижарасынан жыл сайын 1,5 млрд. сом түшөт. Ал эми жаңы өздөштүрүлгөн жерден дүң өндүрүмдүн мүмкүн болгон көлөмү 12 млрд. сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Мындан сырткары кайра иштетүү тармагына салым кошуп, мал өстүрүүдө тоют базасын камсыздоого шарт түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!