Пайдаланылбаган жерлердин аянты кыскарды

23-Июнь 2017, Жума

Жерлерди инвентаризациялоонун аркасында сугат жерлердин аянты 45,6 миң гектарга көбөйдү. Бул тууралуу Жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун жетекчиси Ажыбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын 15 районунун жер фондун инвентаризациялоо иштерин жүргүздү. Жер фондун инвентаризациялоо 3 этап менен ишке ашты. Сугат жерлерден сырткары айдоо жерлер 38,5 миң гектарга, көп жылдык бактын аянты 5 миң 63 гектарга, жайыт 746,4 миң гектарга жана чөп аянттары 2 миң 965 гектарга өскөн.

Ал эми пайдаланылбаган жерлердин аянты 9 миң 295 гектарга кыскарды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!