Жылкыны идентификациялоо 2018-жылы башталат

1-Авг. 2017, Шейшемби

Ири мүйүздүү малды идентификациялоо иштери 2017-жылдын аягына чейин аяктайт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча Ысык-Көл областынан башка аймактарда ири мүйүздү малдарды идентификациялоо иштери аяктады.

Ал эми 2018-жылдын башынан тарта майда жандыктар менен жылкыларды идентфикациялоо иштери башталат.

Мындан тышкары кутурма оорусуна байланыштуу иттердин 80 пайызы каттоодон өткөрүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!