Мал өстүрүүчүлөр 2,6 млрд. сом насыя алган

8-Авг. 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында фермерлерге 4,1 млрд.сом жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017жылдын июль айына карата “Айыл чарбасын каржылоо- 5” долбоорунун алкагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө 4 млрд. 102,5 млн. сом өлчөмүндө 9 миң 460 жеңилдетилген насыя берилген.

Насыянын басымдуу бөлүгүн 64 пайызын же 2 млрд. 618 млн сомун мал өстүрүүчүлөр алган. Дыйканчылыкка 719,58 млн. сомго каржыланган, ал эми кайра иштетүү тармагына 764.57 млн. сому багытталган.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр;

Чүй областы 1 млрд. 335.55 млн. сом

Жалал-Абад 720.39 млн.

Ош 573 млн.

Ысык-Көл 484.73 млн.

Нарын 384.78 млн.

Талас 368.11 млн.

Баткен 235.85 млн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!