Өлкөдө үрөөн жетишсиз

10-02-2017

Айыл чарба министрлиги үрөөн чарбасын түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Бүгүнкү күндө үрөөнчүлүк тармагы башкы ролду ойноп жатат. Өлкөдө арпа, буудайдын үрөөнү жетишсиз. Пахтанын уругу 65 пайызга жетишсиз. Мамлекетик фонд арпа-буудайдын үрөөндөрү менен камсыз кылат, ал эми пахтанын уругу ишкерлер тарабынан коңшу өлкөлөрдөн алынып келинсе ошондой эле кызылчанын уругу европадан келип жатат. Ошондуктан үрөөн чарбаларын колдоого алуу боюнча концепция иштеп чыгуу зарыл”,-дейт Мурашев.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!