​1,5 миң күнөскана иштеп жатат

24-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргызстанда 671 чарбада тамчылатып сугаруу ыкмасы киргизилген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү чарбалардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өскөн.

Жалпы 706 күнөскана ишке киргизилген. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп.

Азыркы учурда жалпы республика боюнча 163,1 гектарды аянтты ээлеген 1 миң 541 күнөскана иштеп жатат. Башкача айтканда 2015-жылдан бери 703 күнөскана ишке киргизилген.

Мындан сырткары, 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүү программасы ишке ашып 2016-жылы 32 машина-трактордук станция ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!