500 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолот

16-02-2017

2017-жылы 500 миң тонна айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы айыл чарба продукциясынын экспорту 50 миң тоннага көбүрөөк болот.

“2017-жылы айыл чарба товарларынын экспортун 500 миң тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз. Европа биримдигине негизинен бал, кургатылган жемиш жөнөтөбүз. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине болсо жер-жемиш жана сүт азыктары жиберилет”,-дейт Чодуев.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!