Чүйдө логистикалык борбор ачылды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:42

Чүй областында атамекендик фермерлерди тейлейтурган логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган борбор дыйкандардын өндүргөн товарларын сатык алдындагы тазалоо, сорттоо, фасовкалоо жана сактоо иштерин жүргүзө алат. Борбордо 4,2 миң тонна картошка, сабиз, капуста пияз сыяктуу айыл чарба продукциясын сактоо мүмкүнчүлүгү бар.

Аталган ишкана “Кыргызцентрпродукт” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жергиликтүү продукцияны ЕАЭБдин жан дүйнөлүк рыноктун талабына ылайык чыгаруу максатында курулган. Аталган борбор Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областынын фермерлеринин продукциясын сатып алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!