​1,5 млн. тонна картошка жыйналды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 13:55

Өлкө боюнча, 1,5 млн. тонна картошка жыйналды. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, картошка Ысык-Көл облусунда эң көп жыйналган же 502 миң тонна түшүм алынган. Талас облусунда 235 миң тонна алынган. Ал эми Баткенде 37 миң тонна гана картошка жыйналды.

Ал эми өлкө боюнча 247,9 миң тонна бакча өсүмдүктөрү чогултулду, ал эми 911 миң тонна жер-жемиш жыйналды.

Ошондой эле 1 млн. 760 миң тонна дан эгиндери орулган, анын ичинен буудай 665 миң тонна, буудай өткөн жылга салыштырмалуу 27,7 тоннага аз болгон.

Кант кызылчасы өткөн жылдагыдан 178,5 миң тоннага көп жыйналып 647 миң тоннаны түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!