Фермерлерге 5,9 млрд. сом насыя берилди

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:19

2017-жылы Мамлекеттик “Айыл чарбасын каржылоо-5” программасынын алкагында айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр жалпы 5,9 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, насыянын негизги бөлүгү 3,8 млрд. сом мал өстүрүүчүлөргө берилген. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жана тейлөө багыттарына 1,1млрд. сом багытталган. Ал эми дыйкандарга 1 млрд. сом жумшалган.

Насыя берүү өнөктөш 6 банк аркылуу жүргүзүлгөн. Мал жана өсүмдүк өстүрүүчүлөргө насыя 10 пайыз менен берилсе, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жана тейлөө багыттарына 6 пайыз менен берлген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!