​Чодуев: Өлкөдө ундун кору жетиштүү

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:36

Кыргызстанда ундун кору жазга чейин жетет. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

2017-жылы эгиндин түшүмү жакшы болуп өлкө боюнча 665 миң тонна буудай жыйналган. Биздин башкы азык болгон ун жетиштүү, азык-түлүк коопсуздугу жаралууга эч негиз жок деп ишенимдүү айта алам”,-дейт Чодуев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!