Рейд: каттоодон өтпөгөн уйлар текшерилет

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:03

Өлкөдө жалпы 618 миң баш уй идентификациядан өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

Анын айтымына караганда, Малды идентификациялоо иши өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлүп жаткандыктан айрым кыйынчылыктар болгон.

“Бардык иденцификациялоо иштерин жергиликтүү ветеринарлар жүргүзүп жатат. Саан уйлардын 98 пайызы идентификациядан өткөрүлүп, 2 пайызы каттоого алынбай калган.Ошодуктан учурда мал базарларында катталбай калган малга рейд жүргүзүлүп жатат”,-дейт Жусупов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!