​Суу сактагычты пайдалануу келишими жактырылды

19-Дек. 2017, Шейшемби, 12:11

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимди экинчи окууда жактырды.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымына караганда, келишим ратификациялангандан кийин суу сактагычтын аймагында жашаган 40-45 өзбек үй бүлөсү көчүрүлөт. Сууну колдонуу процессин Кыргызстан тарап көзөмөлдөйт.

Суу сактагычтан өзбек тарап 15-20 миң гектар айдоо жерине суу алат. Суу сактагыч үчүн бюджеттен 16-20 млн. сом каралган. Ал эми калган чыгымдар сууну пайдалануудан түшкөн каражаттын эсебинен жумшалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!