Бүтүрүүчүлөр президенттин колунан баалуу белек алышты

Бүтүрүүчүлөр президенттин колунан баалуу белек алышты
3-Июль 2018, Шейшемби, 12:04

Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептериндеги мыкты бүтүрүүчүлөр президент Сооронбай Жээнбековдун колунан баалуу белек жана алтын сертификат алышты.

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө алтын сертификаттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы аземдин ардактуу катышуучуларына кайрылды.

“Балдарым, эң жогорку упай алып, мектепти татыктуу аякташыңар менен куттуктайм. Биз силер менен сыймыктанабыз жана алган билимиңерди мекендин өнүгүшүнө жумшайсыңар деп ишенебиз. Силер менен ата-энеңер, мугалимиңер сыймыктанышат жана келечекте мамлекеттин өнүгүшүнө салымыңарды кошот деп алар дагы ишенишет”, - дейт С.Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча бул жылы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн катарына жалпы республика боюнча 59 окуучу кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!