Англис тили саатын көбөйтүү сунушталууда

18-Апр. 2017, Шейшемби

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылында мектептерде англис тили жана информатика сабактарынын саатын көбөйтүү сунушталууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиргендей, ведомство 5-класстарда англис тили жана информатика сабактарына жумасына 1 сааттан кошууну сунуштап жатат.

«Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргыз билим берүү академиясына “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер менен биргеликте чет тилдерин жана информатиканы натыйжалуу окутуу ыкмаларын иштеп чыгып, сунуштоону тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Институтуна өлкө ЖОЖдору менен биргеликте алдыдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен билимин жогорулатуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!