Окуучулардын илим жана техника жумалыгы өткөрүлөт

06-02-2017

Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын-түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясында 6-12 январда окуучулардын илим, техника жумалыгын өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумалыктын алкагында академиянын 55 жылдыгы белгиленип, окумуштуулар жана эмгек ардагерлери менен жолугушуулар өтөт. Мындан тышкары окуучулар арасында кызыктуу оюн-зооктор, сынактар менен коштолот.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!