Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы уланууда

09-02-2017

Калаанын мугалимдери жана окуучулары билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жумалыктын ачылышы Бишкек шаарынын төрт районунун бардык мектептеринде өткөрүлүп, калаанын соода борборлорунун биринин аянтчасында Балдар республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан чебер – класстар уюштурулуп, 200дөн ашуун Бишкек шаарынын окуучулары, инженер-өндүрүүчүлөр жана кызматкерлер катышты.

Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы 2017-жылдын 6-февралынан 12-февралына чейин өткөрүлүп Балдар республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясынын 55 жылдыгына арналат.

Билим алып жаткан жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын жана инновациялык иш-аракеттерин андан ары натыйжалуу өнүктүрүү, таланттуу балдарды колдоо, ошондой эле окумуштуулар, инженерлер, рационализаторлор менен кызматташууну кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө. Окуучулар үчүн окумуштуулар менен жолугушууларды уюштуруу, дүйнөлүк илимге жетишкендиктер жөнүндө лекцияларды өткөрүү пландалууда.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!