“Сапаттын” окуучулары күмүш тагынды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандагы Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары Биология боюнча эл аралык 28-олимпиадада күмүш байгени жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Таластагы “Манас Ата” лицейинин 11-классынын окуучусу Даян Мэлисов IBO-2017 олимпиадасында күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле IBO-2017 олимпиадасына Кыргызстандын курама командасында М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Эмир Касымалиев, Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Ислам Бекташов, 9-класстын окуучусу Сейитбек Мырзакматов катышты.

Белгилей кетсек, Биология боюнча эл аралык 28-олимпиада ушул жылдын 23-30-июль күндөрү Улуу Британиянын Кавенти шаарында өттү. Мектеп окуучуларынын арасында биология предмети боюнча өтүп келген престиждүү олимпиадага дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 260 окуучу катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!