​Жаңы окуу жылы качан башталаары айтылды

18-Авг. 2017, Жума

1-сентябрь Кыргызстандын бардык мектептеринде «Билим күнү» майрам болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдөгү мектептерде 2017-2018 жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү саат 10:00дө окуу жылынын ачылышына карата линейка болмокчу. Андан кийин тематикалык сабак жана класстык саат өткөрүлөт. Бул жылы алгачкы сабак Кыргыз Республикасынын маданияты жана тарыхы боюнча болмокчу.

Ал эми окуу жылы Кыргызстандын бардык мектептеринде 4-сентябрда башталмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!