​Майыптар компьютердик билим алышат

23-Авг. 2017, Шаршемби

Жалал-Абад шаарындагы айрым кесиптик орто окуу жайлары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга компьютердик билим берүүнү колго алышууда. Бул тууралуу шаардагы №75 кесиптик лицейинин директорунун орун басары Бактыбек Ахунбаев Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы жаңы окуу жылынан тарта атайын тайпа ачылып, мүмкүнчүлүгү чекелген он беш окуучунун компьютердик билим алуусуна шарт түзүлөт. Окуу мөөнөтү үч ай болуп, окуу бүткөндөн кийин атайын серификат алышат. Баса белгилей кетчү нерсе, мындай окутуулар башка орто окуу жайларда каралган эмес.

“Өткөн жылы мүмкүнчүлүгү чектелген он беш баладан турган эки тайпаны окутуп көргөнбүз. Алардын билимге болгон умтулуусунун жогору экенин көрүп, бул жылы да окууну жандандырып жатабыз. Ошонун негизинде Азия өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлүп, биздин окуу жайга заманбап үлгүдөгү компьютердик класс ачып беришкен. Эми сентябрь айынан тарта окутуу жүргүзүлөт”, - дейт Б. Ахунбаев.

Бул окутуунун жыйынтыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылуу пландары да каралып жатат. Аталган окуу жайы эми бир гана шаар тургундарына эмес, областтын район-шаарларындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге компьютердик жактан билим берүүнү көздөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!