​Министрлик мыкты мугалимди аныктайт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 16:24

Кыргызстанда мугалимдер арасында “Мыкты мугалим-2017” сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынак 5-октябрь өлкөдөгү мугалимдер күнүнө карата өткөрүлүп, таланттуу, чыгармачыл жана демилгечил педагогдор аныкталып аларга сыйлыктар жана белектер тапшырылмакчы.

Сынак 3-октябрга чейин уланат. Ага мектеп мугалимдери, мектепке чейинки жана мектептен кийинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катыша алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!