Министр Бишкектеги мектептерди кыдырды

14-Сен. 2017, Бейшемби, 16:26

Бүгүн, 14-сентябрда Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева окуу китептери менен камсыздоо кырдаалы менен таанышуу максатында Бишкектин кээ бир мектептерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектептерди кыдыруу учурунда министр китептер менен камсыз кылуу үчүн 600 млн сом керектелип, ал эми бюджеттен 120 млн сом бөлүнгөнүн, ал китептердин 40 аталышын 3 тилде чыгарылаарын билдирди.

«Министрлик Дүйнөлүк банкы менен өнөктөштүктө 56 мектепте пилоттоо жүргүзүп баштады. 5-6-класстар үчүн жаңы муундагы китептер чыгат, ал эми Азия өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктө 7-9-класстар үчүн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат»,-деди министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!