Окуучулар арасында олимпиада өттү

16-02-2017

Октябрь районунун №56 орто мектебинин базасында 10-11-класстар арасында жалпы билим берүү предметтери боюнча райондук олимпиада өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада математика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз класстарда окугандар үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус класстар үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили сабактары боюнча эки турдан өттү. Олимпиаданын 1-туруна райондун жалпы билим берүү мектептеринен 470 окуучу жана 2-туруна 183 окуучу катышты.

Аталган предметтер аралык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 93 окуучу орун алды. Анын ичинен 1-орунду 34 окуучу, 2-орунду 32 жана 3-орунду 27 окуучу алды.

Олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө Октябрь районунун акиминин атынан грамота, ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылды.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!