Классташтары сабаган кыздын иши боюнча комиссия түзүлдү

16-02-2017

Чүй облусунун Ак-Суу айылындагы 6-класстын окуучу кыздары мугалим жок кезде классташ кызын сабап салышкан. Бул окуя боюнча Билим берүү министрлиги иликтеп жатат.

Жабыркаган кыздын чоң энесинин айтымында, окуучу кыздар «Космостон салам» оюнун ойношот экен. Ал оюндун мааниси – кыздар бири-бирин сабасада да ата-энесине же мугалимдерге эч нерсе айтпоого жана ыйлабай туруп берүүгө тийиш экенин айтып берди.

Анын айтымында, небересин эки классташ кызы сабак учурунда мугалим директорго чыгып кеткенде колунан кармап алып, башка койгулашкан.

«Неберем партада отургандыктан өзүн коргой алган эмес. Аягында бирөө аны башка катуу чапкан экен. Ошол күнү неберем үйгө ыйлап келди»,- деди чоң энеси.

Ал небересинин башында шишик пайда болуп, мээси чайкалганына байланыштуу кийинчерээк ооруканага жаткырылганын айтты.

Аталган окуя боюнча Билим берүү министрлиги комиссия түзүп, сабак учурунда мугалимдин жок болгонуна эмне себеп болгонун жана мектептеги тарбия иштерин иликтеп чыкмай болду.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте мектептеги кылмыштуулукту, укук бузууларды алдын алууда профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Эскерте кетсек, 9-февраль күнү Чүй облусунун Ак-Суу айылындагы Cтепаненко атындагы №2 мектептин 6-классында окуган кыз классташ кыздары тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылган.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!