Жаш ойлоп табуучуларга сыйлыктар тапшырылды

16-02-2017

Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын-түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 6-12-январда окуучулардын илим, техника жумалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумалыктын алкагында академиянын 55 жылдыгы белгиленип, жаш ойлоп тапкычтар окумуштуулар жана эмгек ардагерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары окуучулар арасында кызыктуу оюн-зооктор, сынактар орун алды.

10-13 жашка чейинки окуучулар өздөрүнүн ойлоп тапкандарын көргөзмөгө алып келишкен. Сынакта 1-орунду «Алтын-түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы алып, кубок тапшырылса, 2-орунду Бишкектин окуучулары, 3-орунду Ош облусунан келген окуучулар ээледи.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!