​Мектептерди курууга 6,2 млрд. сом бөлүнгөн

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:44

15-ноябрга карата 25 мектеп, 2 бала бакчанын курулушу аягына чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 273 билим берүү мекемелерин куруу жана оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө Каржы министрлиги тарабынан 6 млрд. 221 млн. сом бөлүү каралган. Учурда анын 4 млрд 834 млн сому бөлүнгөн

“Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан жалпы 269 мектептин, 32 бала бакчанын курулуш иштерин жүргүзүү каралган. 2017-жылы 2 млрд. 180 млн. сомго 183 билим берүү мекемелерин куруу иштери пландалган. Анын ичинен 2 млрд. 28 млн. сомго 169 мектеп спорт залдары менен тургузуу каралган. Учурда ал сумманын 1 млрд 579 млн сому бөлүнүп, каржылоо 77 пайызды түзгөн. Ошондой эле 52 млн сомго 14 бала бакча салуу каралса азыркы тапта анын 141 млн. сому бөлүнүп, 93 пайыз каржыланган”,-деди Абдиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!