​“Манас” китеби жарык көрдү

24-Ноя. 2017, Жума, 09:05

“Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө чакырган, ата-бабаларыбыздан калган негизги руханий азык “Манас” эпосун андан ары жайылтуу максатында өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жеке колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби басып чыгарылды.

Байыркы элибиз Айкөл Манастын Улуу Рухун урпактардан урпактарга табериктей сактап келе жатат. Эпосто кыргыздардын кылымдык тарыхы, салттары менен үрп-адаттары, мамлекеттүүлүктү жана биримдикти бекемдөө идеялары чагылдырылган.

“Манас” китеби Кыргыз Республикасынын бардык орто мектептерине, жогорку окуу жайларга, китепканаларына, ошондой эле башка мекеме-уюмдарга бекер таркатылмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!