«Шнейдер Электрик: инженерлер тартыш болот

7-Фев. 2018, Шаршемби, 14:22

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен «Шнейдер Электрик» жоопкерчилиги чектелген өнөктөштүк коому эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралдан аталган окуу жайдан билдиришти.

Россия жана КМШдагы «Шнейдер Электрик» акционердик коомунун президенти Йохан Вандерплаетсе белгилегендей, жыл сайын инженерлердин жетишсиздиги өсүшү мүмкүн.

«Жыл сайын электр энергиясына болгон талап өсүүдө. Ошондуктан энергия алуунун башка жолдорун карашыбыз керек. Адистердин жетишсиздиги көбөйүшү мүмкүн. Биз ар бир өлкөдөгү инженерлерди даярдаган ЖОЖдор менен кызматташууга кызыкдарбыз», - деди Йохан Вандерплаетсе.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!