Ош облусунда 62 жаңы мектеп курулуп жатат

8-Фев. 2018, Бейшемби, 10:04

Ош облусунда 153 социалдык мекемелердин курулушу жүрүп жатат, анын 62си мектеп. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 258 соцобъекттин курулушу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд 263 млн 784 миң сом бөлүнгөн. 2017-жылы аталган курулуштар үчүн 1 млрд 859 млн 673 миң сом каржыланган. Былтыр 258 объекттин 117си колдонууга берилген: 19 мектеп, 11 бала бакча, 16 ФАП, 19 спорт комплекси, 4 объект саламаттыкты сактоо жана башкалар.

“2018-жылы мурда курулуш башталган 158 объекттин курулушу уланууда. Ош облусунун аймагында 62 мектептин, 28 спорт комплекси, 10 бала бакча, 12 оорукана, таза суу менен камсыз кыла турган 17 объекттин курулушу жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!