Тишиңизге сак болуңуз!

2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 10:46

Чай жасап чыгаруу процессинде чай жалбырактарын ысытып куурушат. Ал эми күйүп кеткендери, эң майда үбөлөнгөндөрү, чаңы калып калат. Дал ошол чаңын, калдыгын бекер таштабастан, чай өндүрүшүндө иштегендер пакеттеги чайларды чыгарышат. Анда эч кандай пайдалуу заттар жок жана демдегенде түсү сиз каалагандай жагымдуу түстө болбойт. Ушундан улам аларга боёктор жана жыт аңкыткычтар кошулат.

Изилдөөлөргө караганда, чайдын бардык сортторунун арасынан пакеттеги чайлар (кара чай да, көк чай да) эң зыяндуу болуп эсептелет. Анын курамында фтор өтө эле көп. Демек, күндө пакеттеги чайды иче берсеңиз, организмиңиздеги фтор тез эле нормасынан ашып кетип, атүгүл ал сиз үчүн ууга айланат.

Натыйжада, флюороз оорусуна чалдыгасыз. "Эгерде организмде фтор жетиштүү болсо, сөөк, тиш сапаттуу, бышык болот. Нормадан ашып кетсе, тескерисинче, тишиңиз саргарып, анда таш пайда болот жана сөөктөрүңүз өзүнөн-өзү сына баштайт. Мындан тышкары, бооруңуз да жабыркайт. Бирок эмне үчүн пакеттеги чайларда фтор көп болору азырынча илимде белгисиз. Мунун себебин эч бир окумуштуу таба элек",-дешет изилдөөчүлөр. Ошондуктан пакеттеги чайды ичүүдөн баш тартыңыз. Себеби ал тишке өтө эле зыян.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!