Туура тамактаныңыз!

11-Апр. 2018, Шаршемби, 10:38

Илимий изилдөө иштеринин натыйжасы боюнча, алдыдагы 20 жылда 20-49 жаш аралыгындагы адамдардын ашказан жарасынын залалдуу шишикке чалдыгып калуусу көп кездешери айтылды.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, шоколад, печенье, торт, газдалган суусундуктар менен кайрадан иштетилип жаткан эт азыктары, чучуктар (колбаса) зыяндуу шишик оорусунун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн, деп жазат медициналык “Meddaily” порталы.

Ашказан менен ичегинин зыяндуу шишикке чалдыкканын бирден бир белгиси тамак аш сиңирүү системасы бузулуп, ич түйүлүп, даратта кан аралашып чыгат. Статистика боюнча, ушул оорунун өтө көп учураганы 20-34 жаш аралыгындагы адамдарда (1,99 пайыз) байкалган. 2020-жылдарга карата бул көрсөткүч 37,8 пайызга чейин артышы ыктымал. Ал эми 2030-жылга карата, 90 пайызга жетиши да мүмкүн.

“Meddaily” порталынын маалыматы боюнча, акыркы убакта зыяндуу шишикти алдын алуу программаларынын тегерегинде скринингтен өткөн эркектерде зыяндуу шишик дарты 3 пайызга, ал эми аялдарда 2,4 пайызга азайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!