Кымыз ичип ден-соолукту чыңдаңыз!

20-Апр. 2018, Жума, 13:28

Жаз келип жаш чөптөргө тойгон бээнин сүтүн ичип ден-соолуктун камын ойлоңуз. Азыркы учурда жайлоодо жана тоолордо жылкы байлап, кымыз саткан адамдардын саны арбып келет. Ошого байланыштуу кымыздын пайдалуу касиеттери тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.

Кымыздын касиеттери: кымыздын курамындагы «С» витамини уйдун сүтү менен салыштырганда он эсе көп. Кымыздын курамында жыныс гармондоруна жакшы таасир берүүчү ферменттер бар. Бул аялдарды жана эркектерди тукумсуздуктан коргойт.

Паразит же болбосо мите курт ооруларын алдын алат, ооруган адамдын кайра калыбына келүүсүнө жакшы таасир берет.

Саамал кымызды дары катары муун ооруларына ичсе өтө пайдалуу. Шал оорусун алдын алат. Жаңы төрөгөн келиндин сүтү көбөйүп, коюу, тоюмдуу кылат. Демек, эмген балага да пайдалуу.

Ачыган кымыз чаңкаганды басып, кан-тамырда топтолгон зыяндуу токсин жана калдыктардан тазартат. Ичтин катуусун алдын алат.

Ачкалыктан кийин кымыз ичүү муун ооруларына өтө пайдалуу.

Адам денесинин күч-кубатын арттырып, бөйрөк менен боорду бекемдеп, кан тамырларын тазалайт.

Муун оорулары менен сөөктүн какшап оорушун, нерв ооруларын, баш айланууну, өнөкөт сарык (гепатит), уйкусуздук, ичеги жарасы (гастрит) сыяктуу ооруларды алдын алат же жеңилдетет.

Кымыз адамдын физикалык абалын жакшы кылып, табитти ачып, тамак-аштын сиңүүсүн жакшыртат.

Дарыгерлер кымызды безгек ооруларына жана жөтөлгө каршы ичүүгө сунуштап келишет.

Кымыз менен дарыланганда кандын курамындагы гемоглобин эритроцит көбөйөт. Тамырдын согушу тездеп, кан айлануу ылдамдайт. Кан тамырдын жумушу менен жүрөктүн согушу жакшырат.

Сүттөгү эң баалуу зат –белок. Бээнин сүтүндө ал 1,8 – 2 пайыз болот. Кымызда болжол менен 1,3 - 2,0 пайыз май бар, бул уйдун сүтүнөн 2 эсе аз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!