Аллергиядан кантип сактанса болот?

24-Апр. 2018, Шейшемби, 15:13

Аллергия— организмдин курчаган айланага жооп берген өзгөчө абалы. Сырткы дүйнөдө ар бир нерсе организмге терс таасир этиши мүмкүн.

Аллергиянын пайда болушунун негизги себептери төмөнкүлөр:

Тери менен аракеттенип сырткы алерген (жаныбарлардын жүнү, чаң, өсүмдүк уруктары, химиялык заттар, косметикалык боёктор ж.б.)

Азык-түлүк менен бирге тамак сиңирүу системасына түшкөн ички аллерген (дарылар, суусундуктар, тамак кошулмалары жана башка)

Аллергия балдарга кандай таасир берет?

Кичинекей балага уйдун сүтү, сары май, быштак, балмуздак жана башкаларды жегизүүгө болбойт. Анткени аллергия пайда кылган казеин белогу аталган тамактарда өтө көп кездешет.

Жумуртканы рациондон таптакыр алып таштаган оң. Анын ордуна балык, эт, маш бурчак колдонууга болот.

Жаңгактын бардык түрү өтө коркунучтуу аллерген болуп саналат. Себеби жаңгак көптөгөн зык-түлүктүн курамында жашыруун түрдө кездешет. Мисалы, шоколад, балмуздак, конфет жана башка. Мунун баары организмде аллергияны пайда кылат.

Негизги белгилери кайсылар?

Аллергия адамдын жашына жана иммуниетине карата түрдүү таасир берет. Эгер төмөндөгү белгилер байкалса дароо дарыгерге көрүнгөн оң.

теридеги кызык тактар, кычышуу, шишип кетүүсү же ачыштырып орутусу;

ооз кушунун былжыр болуп шишип кетиши;

аллергиялык ринит (мурундун бүтөлүшү, чүчкүрүү);

жөтөл (кээде какырык менен);

тунчугуу (тамактын шишип кетүүсүнөн);

жашылданган жана кызарган көздөр;

жүрөктүн айлануусу, кусуу, кан аралаш ичтин өтүүсү;

ичтин оорусу;

эриндин сайгылашып оорусу;

колдун шишип кетиши;

дем алуунун тарылуусу.

Алдын алуу үчүн:

Ар бир ооруну дарылагандан көрө аны алдын алган оң. Ал үчүн төмөндөгү сактык чараларын кармануу керек:

Баланын бөлмөсүн күн сайын жыйнап туруш керек. Пардалар, килемдер, эмеректерди чаңын аарчып, тазалоону унутпаңыз. Төшөк жана жаздык тыштарды жумасына бир жолу 60-90 градус сууда жуш керек.

Үй жаныбарларынан алыс болуп, кармаса тазалап жуунту кажет. Эгер баланын жаныбарлардын жүнүнө аллергиясы болсо, ал анафилаксиялык шокко алып келип согот.

Үйдүн терезе эшиктерин ачып сергитип туруу зарыл. Үйдүн абасы өтө кургак болсо, ал мурундун терисин кургатып жиберип, бат-баттан чүчкүрүнүн себеби болуп калат.

Жылына бир нече жолу үйдү жандыктардан жана түрдүү микроорганизмдерден коргоочу атайы препараттар менен тазалаган оң.

Чаң жыйналган нерселерден кутулуңуз. Алар чаң гана жыйнап койбой, кенелердин пайда болуусуна ыңгайлуу жер болуп калат.

Баланы чамадан сырткары тамактандырбаңыз. Бала организми чоң өлчөмдөгү тамакты сиңире албайт, ашказан аны жат нерсе катары кабыл алаышы мүмкүн.

Аллергиядан зыян чеккен адам негизинен жемиштер менен цитрус жемиштерине чектөө койгону оң. Ошондой эле, шоколад, кофе, какао, кант, туздалган кытырак нандар (чипсы, кириешки) жана деңиз азыктары да ооруну козгойт. Анын ордуна суу, сүт азыктары, капустаны күнүмдүк тамак-аштын ичине кошуп койгон жакшы.

Айта кетсек, чөптөн жана тамактан гана эмес, курт-кумурскалар чакканда уусуна да аллергия болушат. Ал эми эгер өзүңүздөн өзгөө белгилерди байкасаңыз мисалы, бетиңиз кызарып, териңиз кургап кетсе, же мурдуңуздан суу агып, көзүңүз жашылданса, дароо дарыгерге көрүнүңүз кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!