Ибрагимбек Алиев: “Жылына 600-700 аял көкүрөк рагына кабылат”

27-Апр. 2018, Жума, 16:45

Улуттук онкология жана гемотология борборун алдындагы Маммология борборунун адиси онколог, маммолог Ибрагимбек Алиев көкүрөктүн зыяндуу шишик жана мастопатия оорулары тууралуу маалымат берди.

-Баардык онкологиялык оорулардын ичинен көкүрөктүн шишиги эң коркунучтуу деп уккам. Ушул чынбы?

-Албетте.Онкология ооруларынын ичинен эң кеңири тараганы ушул эмчек безинин рагы.

-Ракка чалдыккандагы башкы белгилери кандай?

-Ракка чалдыккандардын сырткы белгилери диагностикадан өтө элек болсо, анда сүт бездери сут чыккан түтүкчөлөрдө үрп тартылып кетет да,сүттүн ордуна сары суу же кан аралашкан суу чыгат. Эмчектин териси кызарып тырышып чуңкурчалар пайда болушу мүмкүн. Ал эми колтуктун астында да безер чоңоюшу мүмкүн. Кээде эмчектин ооруганы тызылдап сайгылашып кетет. Бизде аялдар маммологдорго кайрылышпай эле ооруган маалда өздөрүнө өздөрү диагноз коюп, өзүлөрүн жаман сезип башташат.

-Дарттын белгилери;

-Көкүрөктүн бири чоңоюп, ылдый болуп калат.

-Үрптүн тегерегинде бүдүрлүү темгилдер болот.

-Бир же эки үрптөн тең суюктук чыгат.

-Эмчек тыкандары калыңдайт, текшергенде шишиктин бар экендиги билинет.

-Дайыма ооруу байкалат.

-Дарттын себепкерлери;

-Эрте бойго бүтүү,

-Семирип кетүү.

-Бат-баттан аборт жасатуу.

-Аз төрөт.

-Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.

-Көкүрөккө коюлуучу импланттар.

-Тукум куучулук,

-Ичимдик ичүү жана тамеки чегүү.

- Статистика боюнча бир жылда Кыргызстанда канча аял көкүрөктүн зазалдуу шишик илдетине кабылат?

- Статистика боюнча Кыргызстанда орто эсеп менен 600 -700 кыз-келиндер бир жылдын ичинде рак оорусуна чалдыгышат.

-Рак илдети кийинки жылдарда жашарып баратканы билинүүдөбү?

- Азыркы учурда аппараттар көбөйүп, ММК аркылуу алдын-ала дарылануу акцияларын Кыргызстандын бардык региондоруна өткөрдүк. Бизге эмчек рагы боюнча 19-20 жаштагы кыздар да кайрылышат.

-Рак оорусуна диагноз коюу үчүн эмнелер керек?

-Жогоруда айтылган белгилер болсо сөзсүз адистерге кайрылыш керек.Бизде Кыргызстан боюнча маммологдор Ош жергесинде жана борборубуз Бишкекте бар, башка региондордо жок. Айылдыктар айылдык гинекологдордон жолдомо алып бизге кайрылышы керек, же Ошто тургандар Ош шаарындагы маммологдорго кайрыла алышат. Маммологдорго көрүнгөндө аларга УЗИ же маммография жасатышат. Аялдар өзүн күнүгө текшерип, ар кандай шишик бездер колго урунган жокпу, билип турса болот.

-Кандай азыктар рак менен мастопатиянын алдын алат, эгер оорулары бар болсо, өркүндөтпөй кармап туруу үчүн кандай азыктарды колдонуу зарыл?

-Маммологдордун айтуусу менен диета кармашат, көбүнчө капуста, жашылча жер-жемиштерди жесе болот, майлуу, куурулган тамактар эч качан болбойт.

-Эмчектин залалдуу эмес шишик ооруларын сөз кылсак...

-Эмчектин залалдуу эмес шишктери менен бизге мастопатиялык жактан кайрылышат. Мастопатия негизи эле аялдарда көп кездешет. Ооруса эле рак болуп калыптырмын деп коркпой, бизге кайрылышы керек, биз көрүп УЗИге же маммография жасатабыз. Залалдуу эмес шишиктер чоң киста же жөн эле мастопатия пайда болуп калат. Мастопатиянын да түрлөрү бар.

Мастопатия

-Мунун эки түрү бар. Диффуздуу түрүнүн белгилери;

-Алгачкы убактарда айыз келээрден бир нече кун мурун эмчек бир аз шишип, ооруйт,

-Эмчектин ткандары калыңдайт, майда бүдүрчөлөр жаралат,

-Айыз келип бүткөндөн кийин оорутпай калат, эмчек калыбына келет.

-Кийинчерээк айыз бүткөндөн кийин деле эмчек жумшарбаган бойдон калып баштайт,

-Оорутуу сакталат,

-Эмчектен суюктуктун чыгуусу мүмкүн,

Дарттын себептери:

-Организмде эстроген гормонунун көбөйүшү.

-Бат-баттан аборт жасатуу.

-Айыздын эрте келиши .

-30 жашка чейин төрөбөө, стресс.

-Эмчектен жаракат алуу (жыгылып,кандайдыр бир сокку алганда)

-Бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонуу.

-Ички бездердин (калкан сымал бездин, эн бездин жана башка) оорулары.

-Жатындын миомасы

Эгерде дарыланбаса дарт түйүндүү мастопатияга өтүп кетет.

Түйүндүү (Узловая) мастопатия:

Оору белгилери:

-Эмчектин ткандарынын калыңдоосу күчөйт

-Оорутуу басылбай баштайт

-Эмчекте бир эле чоң түйүн болот.

-Кээ бир адамдар мастопатияда эмчегине капуста тартканын көрүп жүрөбүз. Ал жардам береби?

- Капуста негизи жакшы жардам берет.Бирок өзүдөрү диагносу жок эле капуста тарта берген да туура эмес, адистерге кайрылышы керек. Адистердин кеңеши менен капустаны пайданаса болот.

-Эмне үчүн Кыргызстанда кыз-келиндер дарыгерге кеч кайрылышат?

- Негизи аялдардын кеч кайрылышынын биринчи себеби социалдык маселелер, каражаты жок болгон учурлар. Бул убакта маммологдорго келе албаса ошол жашаган жерлерде гинекологдорго да кайрылышса болот. Биз 2010-жылы “Кыргызстан боюнча рактын биринчи белгилерин кантип билсе болот”, деп бардык региондорго барып гинекологдорго да окутканбыз.

-Дартты 1- баскычта кармап калуу үчүн канча убакытта бир жана кайсы куракта кароодон өтүш керек?

- Анын 1-баскычын кармап туурунун негизи жок. Бат-баттан адистерге кайрылып, алардын кеңешин угуш керек.Анткени рактын баардык баскычын дарылоого болот. 4-баскычтагы рак оорусун деле дарыласа болот, бирок толугу менен айыгып кете алат деп айта албайм. Ал эми биринчи, экинчи баскычтагылар канчалык эрте келсе, ал оору менен эрте айыгууга мүмкүн болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!