Буттун манжасындагы томпок сөөктү жою оңой

2-Май 2018, Шаршемби, 15:54

Кээ бир аялдарда бутунун манжасында томпойгон сөөк өсүп чыгат. Ал бут кийим кийген кезде, басканда ооруп, адамдын тынчын алат. Көбүнчө тукум куучулук жол менен өтөт, ошондой эле, майтаман, ревматизм, тар бут кийим кийүү, туура тамактанбоодон да болот. Аны дарылоо үчүн ортопеддер бут кийимге коррекция салышат же ал өтүшүп кеткен учурда аны хирургиялык жол менен кесүүгө тура келет.

Ошондой эле мындай сөөктөн арылуунун элдик ыкмалары да бар. Алар:

1. Биринчиден, организмдеги ашыкча туздан арылуу керек. Ал үчүн төмөнкү рецепт менен дары жасоо керек: Идишке 1 аш кашык майдаланган лавр жалбырагын салып, үстүнөн 300 миллилитр суу куят. Аны кайнатып, 5 мүнөт бышырат. Андан кийин тунмасын термоско куюп, эртең мененкиге чейин коюп коёт. Эртең сүзүп алып, күнү бою аз-аздан ичип жүрүш керек.

Жаңы тунманы күн сайын кечке даярдоо керек, 3 күн бою ичип туруш керек. Арасында бир жума тыныгуу жасап, кайра кайталаган оң.

2. 5 даана чоң лавр жалбырагын идишке салып, үстүнөн 100 миллилитр арак куюп, бир жумага коёт. Аны анда-санда чайкап туруш керек. Даяр болгон дары менен сөөктү майлап таңасыз. Бул дарыны 2 айдай убакыт колдонуу керек.

3. Бутту сода кошулган ысык сууда (3 литр сууга – 1 аш кашык сода) салыш керек. Андан кийин уктардын алдында сөөктүн үстүнө сууга малынган марлини компресс кыласыз. Сыртынан байпак кийип жаткан оң.

4. 10 миллилитр йодко 5 даана аспиринди эзип, мындай дары менен өскөн сөөктүн гана эмес, тизе, чыканак, дагы башка муундарда көйгөй жаралганда майлап турган оң.

Өскөн сөөктүн ооруксунусун йод тору (сетка) да басат. Бир ай бою уйкуга жатарда суунун буусуна салынган буттун сөөгүнүн үстүнө йод торун чийип койгон жакшы.

5. Лимон ширеси менен йодду бирдей өлчөмдө аралаштырып, өскөн сөөктүн үстүнө сүйкөп жүргөн адам андан гана эмес, согончоктун кесилгенен да арылтат.

Мындай дарыларды ашказан оорусу, ашказан жарасы, кант диабети менен ооруган адамдар абайлап колдонуулары керек. Дарыгер менен кеңешип алган абзел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!